Бишкек, "Саясат.kg". Ошондой эле прокуратуранын кийлигишүүсү менен жеке ишкерлерге карата мыйзамсыз чыгарылган 3 жаза колдонуу жөнүндө токтом жокко чыгарылды.
Ишкерлердин укуктарын коргоо жана алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан фактыларды жоюу максатында прокуратура органдары тарабынан туруктуу негизде иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасы билдирди.
Алсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун айрым кызматкерлери ишкерлерге карата пландуу текшерүүлөрдү өткөрүүдө жазуу жүзүндөгү эскертүү жана андан кийинки контролдук текшерүү жүргүзүүнүн ордуна ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу практикасы колдонулгандыгы аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында борбордун 3 кызматкерине карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренеси боюнча өндүрүш иши козголуп, сот тарабынан ар бирине 15 000 сом өлчөмүндө айып салынып, ал эми 7 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
Ошондой эле прокуратуранын кийлигишүүсү менен жеке ишкерлерге карата мыйзамсыз чыгарылган 3 жаза колдонуу жөнүндө токтом жокко чыгарылды.