Бишкек, "Саясат.kg". Аянты 5943 чарчы метрди түзгөн, 185 млн 920 миң сомго бааланган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
185 млн 920 миң сомго бааланган жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1999-2002-жылдары Нарын шаарынын жана Нарын районунун жетекчилери тарабынан жер мыйзамдарынын талаптары одоно бузулгандыгы аныкталды.
"Натыйжада М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрына таандык 1500 чарчы метр жер тилкеси, С.Орозбак көчөсүндө жайгашкан 3948 чарчы метр жер тилкеси (ун базар) жана Ат-Башы көчөсүндөгү 495 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы аянты 5943 чарчы метрди түзгөн, 185 млн 920 миң сомго бааланган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды" - деп билдиришти мекемеден.