Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 886

Бишкек, "Саясат.kg". 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Возможно, это изображение склад лесоматериалов

Министр Нурдан Орунтаев курулуш обьекттерине рейд жүргүздү. Анда Бишкектеги Төлөмүш Океев көчөсүндөгү 9 жана 11 даректеринде курулуп жаткан 5 кабаттуу окуу борборунун курулушунда курулуш ченемдеринин жана талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн “Бина Групп” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.