Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 1350

Эреже бузууларга байланыштуу 52 автоунаа айып короого киргизилди.

Бир күндүн ичинде мас абалда унаа башкарган 21 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунда «Рульда» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Аталган иш-чаранын алкагында ылдамдыкты ашыруу, коопсуздук курун тагынбоо, каршы тилкеге чыгуу сыяктуу башка да эреже бузуулар катталып, эреже бузууларга байланыштуу 52 автоунаа айып короого киргизилди.

«Мындай рейддик иш-чаралар кышкы сезон аяктаганга чейин улантылат, жарандарды спирт ичимдиктерин ичкенден кийин рулга отурбоого, алыскы жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерүүгө жана жол белгилерине көңүл бурууга чакырабыз», -делет маалыматта.

Булак: 7tv.kg