Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 1492

Мирлан Таалайбеков (Царикаев) бул боюнча юридикалык баа берилерин билдирген болчу.

Муниципалдык инспектор кесиптик этиканы бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Талайбеков билдирген.

Буга чейин социалдык тармакта Муниципалдык инспекциянын формасын кийген киши менен дагы бир адамдын унаанын багажын ачып алып, спирт ичимдигин ичип жатканы тартылган видео тараган.

Видеодо эркектердин коомдук жайларда белгисиз ичимдиктерди ичип, түкүрүп, заара ушатып жатканы көрсөтүлгөн. Кийинчерээк алар унаага отуруп, рулда муниципалдык инспектор отуруп кетип калышкан.

Талкууга алынган окуя боюнча шаардык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков (Царикаев) бул боюнча юридикалык баа берилерин билдирген болчу.

Булак: govori.tv