Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Аялын мыкаачылык менен өлтүргөн шектүү, мурдагы милиция кызматкерине карата иликтөөнү УКМК улантат.
«Каза болгон кыздын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары үчүн кайгы жана орду толгус жоготуу алып келген бул кылмышка шектүү катары кармалган адам мурда ички иштер органдарынын кызматкери болгондугу да коомчулукта кеңири резонанс жаратты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин тапшырмасына ылайык, аталган кылмыш иши УКМКнын борбордук аппаратынын өндүрүшүнө кабыл алынып, ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери башталды.
Өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги тарабынан коомдук коопсуздуктун жана базалык үй-бүлөлүк баалуулуктардын түптөлүшүнө шек келтирген бул одоно факт боюнча так позиция айтылган, ал эми трагедия принципиалдуу укуктук баа берүүнү талап кылат.
Белгилей кетсек, тергөө учурунда маркумда убактылуу коргоо ордери болгондугу жана айыпталуучу тарабынан адам өлтүрүү үчүн колдонулган газ-травматикалык куралды мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо фактылары аныкталды», — деп жазылат билдирүүдө.
Азыркы учурда айыпталуучу камакка алынып, Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө абагына жеткирилди. Шектүү ал жакта тергөө бүткүчө кармалып турат.
«УКМК жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча айыпталуучунун жана бул мыкаачылык менен жасалган киши өлтүрүүгө себепкер болгон же шарт түзгөн башка адамдардын аракетине же аракетсиздигине да юридикалык баа берилерин белгилөө зарыл деп эсептейт. УКМК маркумдун балдарына, туугандарына жана жакындарына күнөөлүүлөр мыйзамдын бардык катаалдыгы менен сөзсүз жазага тартыларын, ал эми тергөө жыйынтыктары боюнча коомчулукка маалымат берилерин билдирет», — деп кошумчалашты мекемеден.