Азамат Марипов Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси
Марипов 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту маалымдады.
Маалым болгондой, соттун 6-октябрдагы өкүмү менен Азамат Марипов Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Массалык баш аламандыктар») жана 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») боюнча күнөөлүү деп табылган. Ага карата 6 жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленген.
Белгилей кетсек, Азамат Марипов Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси. Ал былтыр апрель айында бейбаштыкка шектелип кармалган «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрүнүн арасында болгон. Ошол эле учурда, кармалган 6 адам, анын ичинде Марипов дагы, былтыр 10-сентябрда Ленин райондук соту тарабынан акталган.
Ал эми Кудрет Тайчабаров жакында уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деген шек менен кармалып, ошол эле райондук соттун чечими менен 30-декабрга чейин камакка алынган.
Булак: koom.press