Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 2466

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

фото ГКНБ

КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан пайдасыз келишим түзүү фактысы аныкталды.

Алсак, 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан Аманбаев айыл аймагынын Бакайыр айылындагы жалпы аянты 60 гектар жер тилкесине тамчылатып сугаруу системалары жана бассейн орнотулган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам ишчаралардын натыйжасында Аманбаев айыл аймагынын жооптуу кызмат адамдары, т.а. башчысы У.Б.А жана жер маселелери боюнча адис Б.С.А. жеке кызыкчылыктарын көздөп, жогорудагы 60 гектар жерди жакын туугандарына ижарага бергендиги аныкталган.

Белгиленген адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына 1 млн.579 миң 980 сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирилген. Бул факты боюнча 2025-жылдын 5- декабрында аталган адамдар кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган андан аркы тергөө жана ыкчам ишчаралар уланууда.