Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 1885

Бишкек, "Саясат.kg".  Комбинат өз убагында мыйзамды бузуу менен аукционсуз сатылган. 

Имаратынын аянты 4028 чарчы метр, жер тилкеси 0,5 га жеткен "Асем" тиричилик комбинатын Каракол шаардык мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 1993-жылы Каракол шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан "Асем" тиричилик комбинаты КР Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан түз сатуу жолу менен, башкача айтканда, аукционсуз мыйзамсыз сатылган. Анда 1991-жылдын 20-декабрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн жалпы принциптери жөнүндө" Мыйзамы бузулган. 

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлгөн жер тилкелерин жана объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, "Асем" тиричилик комбинатынын имараты жана анын аймагы Каракол шаардык мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилди.