Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 490

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шылуундар жабырлануучуга Бишкектин жетекчилеринин бири катары чалып, кайырмакка илген.

Вице-мэрмин деп эркек кишинин 5,5 млн. сомун алдап кеткендер кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2025

"Бишкектин вице-мэримин" дегендерге 5,5 миллион сомун алдатканын айтып, Д.М. аттуу тургун милицияга кайрылган. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иштин жайын иликтей келгенде, шылуундар жабырлануучуга Бишкектин жетекчилеринин бири катары чалып, кайырмакка илген. Жалган вице-мэр анын "мэриянын кызматкерине" байланышуусу керектигин айтат.

Кийинчерээк чалгандар өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырат. Алар жабырлануучунун эсебиндеги каражат "террорчулукту каржылоого которулганын" айтып, акчаны "коопсуз эсепке" которууну сунушташкан. Акча алар айткан эсепке түшкөндөн кийин байланышты үзүшкөн.

Факт боюнча иш козголуп, шылуундарга банк картасын сатып жиберген делип 24 жаштагы жана 21 жаштагы эки жигит, баш-аягы үчөө кармалып, камакка алынган.

Булак: sputnik.kg