Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 248

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

{{ item.title }}

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 5-бөлүгү (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруу учурунда, Баткен облусунда "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" ДЭУнун мүчөлөрү кармалды, алардын айрымдары мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн сот жообуна тартылган.
    Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, төмөнкү КР жарандары: 1980-жылы туулган Б.Р.К., 1990-жылы туулган Ж.И.И., 1978-жылы туулган И.М.А., 1980-жылы туулган Д.У.Х., 1986-жылы туулган Б.Ж.Ж., 1989-жылы туулган М.Т.Б., 1991-жылы туулган М.О.А., 1978-жылы туулган М.Н.М.,1989-жылы туулган М.Т.К., 1991-жылы туулган А.у.А. жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын башка тургундары тыюу салынган экстремисттик адабияттарды изилдеп, "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний уюмунун жабылган Telegram каналдарына катталып, Кыргыз Республикасынын аймагында халифат түзүү маселесин талкуулап, "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" ДЭУнун идеологиясын өнүктүрүүнү улантышкандыгы аныкталган.
    Объекттердин жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү иш - чараларынын жүрүшүндө "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" ДЭУнун тыюу салынган адабияты, ошондой эле көптөгөн диний адабияттар,электрондук алып жүрүүчүлөр, ноутбуктар, флеш-карталар, уюлдук телефондор жана дисктер табылган.
    КР УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда