Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
КР УКМК тарабынан Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өзгөчө ири көлөмдөгү керектөө товарларын жана тиричилик техникаларын камтыган аткезчилик товарларын ташуу каналы жабылды.
Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү, "Уюшкан топ тарабынан ( чек ара аркылуу) же кылмыштуу коомчулуктун курамында жасалган экономикалык аткезчилик " боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Тажикстан Республикасынын аймагына тиричилик техникаларын жана керектөө товарларын аткезчилик жолу менен чек ара аркылуу мыйзамсыз алып кирүү максатында уюшкан топ түзгөн Тажикстандын, Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын жарандары аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, болжол менен 29 миллион сомдук аткезчилик товарларын чек арадан өткөрүү боюнча 12 адам кармалды: Кытай жараны Л.Ц.Ф. жана КР жарандары И.А.И., T.A.K., T.У.M., A.K.K., O.Ш.К., С.A.К., У.у.М., Г.У.T., С.И.A., T.T.A. жана T.Д.Э. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кармалган адамдар тарабынан жогорудагы кылмыштар КР УКМК тарабынан мыйзамсыз аткезчиликтин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чараларга карабастан жасалган.