Бишкек, "САЯСАТ.KG". Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 7 миллион 500 миң сом болгон.
Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 7,5 миллион сомдук кибер алдамчылык схемасына катышкан жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясы кабарлады.
Маалым болгондой, 6-ноябрда милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анда 5–6-ноябрь күндөрү белгисиз адамдар өздөрүн УКМКнын, Улуттук банктын, Антикоррупциялык кызматтын жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырып, аны «атайын аскердик операцияны жана террордук уюмдарды каржылоого катышы бар» деп шылтоо менен алдап, анын акчасын ээлеп алышкан. Акча каражаттары Бишкек шаарындагы соода борборлорунда жайгашкан банкоматтар аркылуу которулган. Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 7 миллион 500 миң сом болгон.
Аталган факт боюнча,Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө, алдын ала сүйлөшүү жолу менен адамдардын тобу тарабынан жасалган) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2007-жылы туулган Б.А. жана 2004-жылы туулган М.Б. кармалды.
Учурда милиция кызматкерлери бул кылмыш схемасына катышы бар бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө жана ыкчам-техникалык иш-чараларды улантып жатышат.