Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 311

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Акыркы жумада колдонулган унаа майларын, тиричилик таштандыларын жана башка тыюу салынган материалдарды өрттөө фактылары катталды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы суук түшүшү менен абаны коргоо жана жылытуу мезгилинде экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча чараларды күчөттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы жумада колдонулган унаа майларын, тиричилик таштандыларын жана башка тыюу салынган материалдарды өрттөө фактылары катталды. Мындай аракеттер уулуу заттардын абага бөлүнүшүнө жана абанын булганышына алып келет. Бул өз кезегинде шаар тургундарынын ден соолугуна жана борбор калаанын экологиялык абалына терс таасирин тийгизет.

Мыйзам бузууларды токтотуу максатында инспекция мончолордо, сауналарда, ишканаларда жана жеке менчик объектилерде туруктуу рейддерди жүргүзүүдө. Текшерүүлөрдүн максаты — тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын, автоунаа майларын, боёк жана лак материалдарын, пластмасса, каучук, оргстекло, резина жана башка уулуу заттарды өрттөө учурларын аныктоо.

2025-жылдын башынан бери 148 рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 231 экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул мыйзам бузуулар боюнча жалпы суммасы 2 миллион 383 миң 500 сом болгон айып пулдар салынды.

Муниципалдык инспекция борбор калаанын тургундарын экологиялык эрежелерди сактоого чакырат жана төмөнкүлөрдү эскертет:

Белгилей кетсек, таштандыларды же башка тыюу салынган материалдарды өрттөө үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык административдик жоопкерчилик каралган.

Булак: Кабар