Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 508

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Натыйжада жоготуу суммасы болжол менен 1 миллион 406 миң сомду түзгөн.

Кара-Сууда 1,4 миллион сомдук уурулукка шектүү жаран кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош облусунун Кара-Суу районунда ири суммадагы уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-октябрда милицияга жаран арыз менен кайрылып, 5-6-октябрда белгисиз адам анын үйүнөн 195 миң сом накталай акчаны жана жалпы баасы 1 миллион 211 миң сомду түзгөн зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Натыйжада жоготуу суммасы болжол менен 1 миллион 406 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иштери башталган. Натыйжада 1998-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран кармалып, райондук соттун чечими менен камакка алынган.

Белгилүү болгондой, шектүү 27-октябрда дагы бир уурулукка барып, үйлөрдүн биринен 66 500 сом накталай акча жана 15 миң сомдук алтын буюм уурдап чыккан.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: koom.press