Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 501

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Орусияда жүргөн мигранттардан акча опузалашкан... УКМК аларды кармады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

    Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту жок кылуу жана анын идеологиясын жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатын ишке ашыруунун алкагында, УКМК тарабынан мурда оор кылмыштар боюнча кылмыш жообуна тартылган: К.Н.К., С.Д.С. жана С.Б.Д. аттуу уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды.
        Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин жакындарынын колдоосуна ээ болушуп, Орусияда 
эмгек миграциясында жүргөн КР жарандарына карата опузалап акча талап кылуу, шантаж жана коркутуу менен алектенишкени аныкталган.
        Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
        КР УКМК бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылууну суранат: 0(3722) 5-60-49, 0995 01-22-10.