Бишкек, "САЯСАТ.KG". Министрлик иштеп чыккан документ коомдук талкууга коюлду.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана Кылмыш-жаза кодекске “Сексуалдык ыдык” беренесин киргизүү сунушун берди. Министрлик иштеп чыккан документ коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, сексуалдык мүнөздөгү ачык сөздөрдү айтып жыныстык органдарды көрсөткөндөр, адам каршылык кылганына карабай аны кармалап, сылап, чымчыса, ошондой эле, сексуалдык маанидеги сүрөт, видео же аудио жибергендерге 20 миң сом айып салынат же үч суткадан жети суткага чейин камакка алынат. Ал аракет жыл ичинде кайталап жасалса кылмыш болуп саналып, 3-5 жылга эркинен ажыратуу каралууда.
Булак: govori.tv