Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 458

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

УКМК: 16 кабаттуу “Мадина резиденс” турак жайынын курулушу токтотулду

КР УКМК Бишкек шаары, А.Огонбаев көчөсү, 12 дареги боюнча 16 кабаттуу "Мадина резиденс" турак-жай комплексин курууда мыйзам бузуу фактыларын аныктады.
       Тактап айтканда, курулуш компаниясынын заказы боюнча иштеген долбоордук уюм тарабынан долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо жалган маалыматтар киргизилип, анын негизинде турак жай комплексин куруу долбоорлору макулдашылган.
       Эреже бузуу катары курулуп жаткан үйдөн 5 метр аралыкта дубалында  терезелери бар имарат жайгашкан. Бул факты өрт коопсуздугунун эрежелерин одоно бузуу болуп саналат жана мындан ары ишке ашырылбашы керек.
       Объектти ишке киргизүүдө белгиленген жагдайлар өрт коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн, ошондой эле үлүшчүлөрдүн турак жайга көчүп киришине жана зарыл болгон турак жай документтерин алууга тоскоол болуп, нааразычылыктарды жаратып, коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизет.
       Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 18-октябрында төмөндөгүлөр кармалган.
- С.Д.М. «Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын координациялык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси;
- О.Д.Б. долбоорлоо уюмунун жетекчиси; 
- Р.Ж.Т. курулуш компаниясынын жетекчиси; 
       Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалгандар С.Д.М. жана О.Д.Б. камакка алынып, Р.Ж.Т.га карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
       КР УКМК аталган имаратты курууга уруксаат кагаздарын даярдоого жана берүүгө башка адамдардын катыштыгы боюнча иликтөө иштерин улантууда.
       Мамлекеттик комитет курулуш нормаларын жана эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертет, анткени эреже бузуулар терс кесепеттерге алып келет. Бардык аныкталган мыйзам бузууларга карата мыйзамдын  чегинде эң катаал чаралар көрүлөт.