16-октябрда Ош облустук милициясынын Кылмыш иликтөө кызматы жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан Ош эл аралык аэропортунун аймагында жарандарды опузалап акча талап кылууга шектүү болгон адамдар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын июль айында Ош аэропорту — Достук багытындагы маршруттук каттамда иштеген айдоочулардын ишине бөгөт койгон мыйзамсыз аракеттер катталган. Өздөрүн тааныштырбаган белгисиз адамдар чет элдик жүргүнчүлөрдү коркутуп, алардын эркине каршы жол кире акысына мыйзамда белгиленген тарифтен ашыкча акча талап кылып, опузалап акча алуу менен алектенгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иштери башталган. Жыйынтыгында, кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.Д. жана 1991-жылы туулган А.Р. аттуу жарандар кармалган. Азыркы тапта тергөө иштери улантылууда.
Булак: koom.press