Бишкек, "САЯСАТ.KG". Милиционерлер «Ужас Бишкека Аверсион» каналында сүрөтү жарыяланган мектеп окуучусунун да ким экенин аныкташты.
16-октябрда кечинде Бишкекте ата-энелерди чууга салган окуя болду. «Ужас Бишкека Аверсион» Telegram каналында мектеп окуучусунун сүрөтү жарыяланып, ал Бишкектеги мектептерде теракт уюштуруусу керек экени жазылган. Ошондой эле социалдык тармактарда Бишкектеги мектептерде жазалоо уюштурарын айткан адамдын видеосу тараган. Ошол себептен 17-октябрда борбор калаадагы бардык мектептерди онлайн окууга өткөрүү чечими кабыл алынган.
Бирок кийинчерээк мэрия бул чечимди жокко чыгарып, мектептер кадимки режимде иштей турганын билдирген. Бишкек милициясы видеодогу адамдын ким экенин аныктады. Ал телефондук терроризм үчүн Россиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган Украинанын жараны Ярослав Овсюк болуп чыкты. Мындан тышкары милиция мектептерде текшерүү жүргүзүп, эч кандай коркунучту аныктаган эмес.
Милиционерлер «Ужас Бишкека Аверсион» каналында сүрөтү жарыяланган мектеп окуучусунун да ким экенин аныкташты. Ал Эне-Сай конушунун жашы жете элек тургуну болуп чыкты. Анын айтымында, ал Овсюк менен урушуп кеткен, андан кийин ага bishkekhorror аккаунтунан коркутуулар башталган. Күч органдарынын текшерүүсү көрсөткөндөй, кыргызстандыктын Овсюкка жана анын аракеттерине эч кандай тиешеси жок.
Өспүрүмдүн сүрөтү украиналык жаран тарабынан өч алуу максатында колдонулган. Жыйынтыгында Свердлов милициясынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясы мектеп окуучусунун ата-энесине ата-энелик милдеттерден качуу беренеси боюнча протокол түздү.
Милиция интернетке жалган же чагымчыл билдирүүлөрдү таратуу кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.
Булак: Баракелде
