Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 314

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Материалдар белгиленген тартипте соттун кароосуна жиберилди.

 Өлкөдөн чыгарылат... Бишкекте коомдук транспортто кызга тийишти делген чет элдик жаран кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте коомдук транспорттогу адепсиз жүрүм-туруму үчүн чет элдик жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Социалдык тармактарда чет элдик жаран коомдук транспортто кыздарга туура эмес мамиле жасаганы тартылган видео тараган.

Бул окуя Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин маалымат журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы аталган жарандын өздүгүн тактап, райондук тергөө бөлүмүнө алып келишкен. Ал 1988-жылы туулган В.И. болгон. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Майда бейбаштык» беренси боюнча административдик протокол түзүлүп, материалдар белгиленген тартипте соттун кароосуна жиберилди.

Мындан тышкары, Кыргызстанда жүрүү эрежелерин бузган чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылары белгилүү болду.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы чет элдик жарандарды Кыргызстанда жүрүүдөгү мыйзамдарды жана эрежелерди так сактоого, коомдук тартипти, маданиятты жана каада-салтты сыйлоого чакырат.

Мыйзам бузуулар катталса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.