Бишкек, "САЯСАТ.KG". Кумарбек Абдыров киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеваны кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берген.
Ысык-Көлдөгү Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүү 11 жыл мурун Камила Дүйшөбаеваны да өлтүргөнүн моюндады. Бул тууралуу ИИМден тастыктады.
Маалыматка ылайык, 41 жаштагы Кумарбек Абдыров тергөө учурунда 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеваны кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берген.
Ал эми президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрдү деген шектүүнүн буга чейинки үрөй учурган кылмыштарын тизмектеген.
Булак: govori.tv