Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 204

Бишкек, "САЯСАТ.KG".  Алынган жүктүн болжолдуу баасы 1,5 миллион сом

"Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайында бетти тарттыруу үчүн мыйзамсыз инъекциялык каражаттардын жана ботокс аналогдорунун партиясы аныкталды. Бул туурасында Салык кызматынан билдиришти.

Келген товардын тиешелүү тастыктамалары болгон эмес жана коштомо документтер жасалмалангандыгы байкалган.

Алынган жүктүн болжолдуу баасы 1,5 миллион сом экенин айтышты. Мыйзамсыз жүктү ташыган автоунаа айып короого киргизилип, материалдар андан ары териштирүү үчүн бажы органдарына өткөрүп берилди.

Булак: sputnik.kg