Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда шектүүлөрдүн башка мыйзам бузуу фактыларына тиешеси бар же жок экенин аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип эки мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы 23-сентябрда маалымдады.
Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Алайкуу айыл өкмөтүндө 2022–2023-жылдардагы ишмердүүлүккө карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.
Бул факты боюнча райондук прокуратура 13-августта Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери башталган.
Натыйжада 53 жаштагы Э.Б. жана 30 жаштагы А.Э. шектүү катары кармалып, 23-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Болжолдуу келтирилген материалдык зыян 774 900 сомду түзөт.
Учурда шектүүлөрдүн башка мыйзам бузуу фактыларына тиешеси бар же жок экенин аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Булак: koom.press