Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 192

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда тергөө иштери уланууда.

Чүйдө эки жыл мурунку киши өлтүрүү боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Чүй облусунда 2023-жылдын 1-ноябрында саат 19:00дөр чамасында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жанында 1962-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран Бишкек шаарынын Токомбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө 1986-жылы туулган А.М. аттуу аял кишини өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн.

Андан соң, бул кылмыштын изин жашыруу максатында сөөктү полиэтилен пакети менен ороп, курулуш объектисиндеги коммуналдык контейнерлердин бирине жашырган. Кийин ал сөөктү унаасы менен алып чыгып, Чоң Чүй каналына ыргытып салган.

Ал эми бул учурда маркум дайынсыз жоголгон деп издөөдө жүргөн.

Бул факты боюнча Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан КР КЖКнын 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Ошол эле күнү 1962-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран бул кылмышка шектүү катары КР КЖПнын 96-беренесине ылайык, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: govori.tv