Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүүгө карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы каралды.
Өзүн алтынды кайра иштетүү боюнча адис катары тааныштырып, жабырлануучунун 32 000 АКШ долларын ээлеп алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы Т.А. аттуу жаран жабырлануучудан 200 грамм алтын куймасын алып берүүнү убада кылып, 32 000 АКШ долларын алган. Бирок өз милдеттенмелерин аткарган эмес. Буга ылайык жабырлануучу 2025-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына К.Б. аттуу жаран тарабынан арыз менен кайрылып, 2 миллион 776 миң 400 сом материалдык чыгымга учураганы белгиленген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-берене (алдамчылык) боюнча иш козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, 1977-жылы туулган шектүү А.Т. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилген. Ошону менен бирге, шектүүгө карата, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1-Тергөө абагына 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы каралды.
Булак: 7 канал
