Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 197

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин атын жамынып, «Ч.Б.» аттуу КР жаранына кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 400 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу аныкталды. 
       Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы тарабынан КР КЖК 343-беренесинин 3-бөлүмүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
       2025-жылдын 24-июль күнү, кылмыш ишинин алкагында «С.А.» аттуу КР жараны кармалып, ага опузалап пара талап кылууга жана пара алууга катышкандыгы боюнча айып тагылган.
       Мындан тышкары, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка КР УКМКнын мурдагы кызматкери «А.Э.» нин катыштыгы аныкталып, ал 130 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда кармалып, тиешелүү айыптар тагылды. Айыпталуучуларга карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. 
       Учурда кылмыштын баардык жагдайларын тактоо боюнча, ошондой эле аталган кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен баардык күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.