Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 279

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

   КР УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, «Братский круг» деп аталган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү болгон «мыйзамдагы ууру» атыккан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча Казакстан Республикасынын жараны Халиков Камалутин Магомедовичке (Караганды облусунун бокс федерациясынын президенти, курулуш тармагында каржылык мүлкү бар, мурда Казакстан Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топту түзгөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына контрабандалык товарларды алып өтүү менен алектенген) издөө жарыяланды.   
          К.Халиков К.Асанбектин ишкерлерден мыйзамсыз киреше чогултуу, опузалоо, каракчылык сыяктуу  иш аракеттери аркылуу системалуу негизде кылмыштуу кирешелерди алгандыгын, ошондой эле анын «адам өлтүрүү», «адам уурдоо» жана «уюшкан кылмыштуу тобун түзүү, уюштуруу» боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен соттолгонун билип туруп, биргелешкен бизнес долбоорлорун жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында анын колдоосун алуу максатында «мыйзамдагы ууру» атыккан К.Асанбек менен байланыш түзгөн.
          Ошондой эле К.Халиков бир нече жолу  Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан «Барс» эс алуу борборунун аймагында эс алуу учурунда К.Асанбек менен жолугушууларды өткөргөн.
          Чогултулган материалдардын негизинде К.Халиковко карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, ал издөөгө жарыяланды.