Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 456

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Ефрейтор убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жалал-Абадда жоокерди сабаган ефрейтор кармалганын Sputnik агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.

Күзөт жана коштоо департаментинин келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерине Кылмыш-жаза кодексинин "Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу" беренеси менен айып коюлууда.

Ефрейтор убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган окуя 2-сентябрга караган түнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусундагы №5 батальонунда болгон. Ефрейтор нөөмөттө турган катардагы жоокерди ур-токмокко алган видео тараган.

Окуядан кийин экөө тең Базар-Коргон райондук ооруканасынан медициналык кароодон өтүшкөн. Кечээ күнү Акыйкатчы институту тараткан маалыматта ефрейтордун канынан алкоголь табылып, сабалган жоокерге жеңил жаракат алган деген диагноз коюлганы айтылды.

Булак: sputnik.kg