Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 306

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Милиция тергөө амалдары жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынарын билдирди.

Чүйдүн Токмок шаарында жол кырсыгынан чарчап калган 10 айлык наристенин өлүмүнө байланыштуу мотоциклдин 23 жаштагы айдоочусу (Ф.Т.) кармалган. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.

Маалымат боюнча, 7-сентябрдын кечинде Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен наристе чарчап калганы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүдө Ленин көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй бараткан мотоциклдин айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткени такталган. Наристе ошол эле жерде чарчап калып, 21 жаштагы апасы шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Милиция тергөө амалдары жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынарын билдирди.

Булак: govori.tv