Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 557

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

{{ item.title }}

 2025-жылдын 28-августунда КР УКМК республиканын аймагында контрабандага бөгөт коюу, ошондой эле эт азыктарына бааларды көзөмөлдөө жана азык-түлүк коопсуздугунун коркунучун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында коңшу республиканын аймагына 132 баш асыл тукум майда малды мыйзамсыз алып өтүү аракетинин алдын алды.
       Ыкчам маалыматтар боюнча, Кыргызстандын аймагынан майда малдар сатылып алынып, Өзбекстан Республикасынын жарандары тарабынан жасалма документ жасоо менен мамлекеттик чек аранын начар кайтарылган тилкелери аркылуу Сох анклавынын аймагына жөнөтүлгөн.
       Андан соң Кыргыз Республикасынын аймагы (Кадамжай району) аркылуу транзиттик товар катары андан ары сатуу үчүн Фергана облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
       Учурда контрабанда менен алектенген адамдар КР жарандары Г.у.Н., А.у.И., ошондой эле Өзбекстан Республикасынын жараны С.Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
       КР УКМК азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле республиканын аймагында контрабандага бөгөт коюу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды улантууда.
       КР УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

{{ item.title }}