Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 489

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

2025-жылдын 1-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган М.О.Б. "Алтын Белги" ЖЧКсынын директору Ж.у.А. аттуу  жарандан 5 000 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
       Тактап айтканда, М.О.Б. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чоң-Жайык жеринде алтын казуу боюнча "Алтын Белги" ЖЧКсынын ишин тоскоолдуксуз улантканы үчүн көрсөтүлгөн сумманы опузалап, болбосо мүлкүн камакка алуу жана мамлекеттик органдар тарабынан жасалма тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутканы аныкталган.
       Кармалган жаран  КР УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
КР УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү улантууда.