Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин кылмыштуу кирешелеринин легализацияланышы боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында Чолпон-Ата шаарындагы мурдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананын жер участогу К.Асанбекке тиешелүү адамдар тарабынан кылмыш жолу менен ээлик кылынганы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Асанбектин жакын тууганы У.А.А., жалпы аянты 1 га имараттары бар жер тилкесин өз ыктыяры менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди.
КР УКМК уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү жана алар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.
