Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 263
Бишкек, "САЯСАТ.KG". Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Шектүүлөр эки айга камакка алынды. Бишкекте алдамчылык жана мыйзамсыз кумар оюндары менен алектенген чет элдиктер кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаардык милициясы тарабынан мыйзамсыз акча операцияларын жүргүзгөн чет элдик жарандар кармалды. Алар жасалма банк карталары жана уюлдук операторлордун SIM-карталарын колдонуп, ири суммадагы акчаны мыйзамсыз өткөрүп турушкан.

Тинтүүдө шектүүлөрдүн кеңсесинен көптөгөн уюлдук телефон, банк карталары жана SIM-карталар табылып, алар онлайн-казино аркылуу акча каражаттарын которушуп, 1,5 миллион сомдон ашык киреше таап келишкени аныкталды.

Шектүүлөр транс улуттук кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү болуп, алдамчылык схемаларын башка өлкөлөрдө ишке ашыра албагандан кийин Кыргызстанда улантууну чечишкен. Анын ичинен 39 жаштагы шектүү Украинадагы согушка катышкан.

Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Шектүүлөр эки айга камакка алынды.

Булак: koom.press