Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилди

2024–2025-жылдары Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштерин текшерүү учурунда, мыйзамсыз аракеттер аныкталып, ага тиешелүү шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Аталган факт боюнча Нарын ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренеси ( Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылымыш иши козголгон.
«31-август күнү тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан Нарын шаарындагы Шералиева жана Ленин көчөлөрүндө жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шектелгендер жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Кармалгандардын арасында:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары С.Т.;
- “Бета-Групп” ЖЧКнын аткаруучу директору М.А. ;
- Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасынын башкы директору Ч.Б.;
- 1-Жол куруу башкармалыгынын директору А.Р .
Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат милициянын маалыматында.
Азыркы учурда бул факт боюнча тергөө иштери улантылууда.
Эске салсак, буга чейин УКМК аталган иш тууралуу маалымат таратып, Транспорт министринин орун басары Талантбек Солтобаев жана «Бета Групп» компаниясынын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалганын билдирген.
Булак: govori.tv