Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
КР УКМК тарабынан, мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында «Ынтымак» ААКнын (мурдагы Балыкчы жашылча-жемиш совхоз-комбинаты) жерлерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган акционердик коом тарабынан Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка жана Ананьева айылдарынын аймагында жайгашкан, аянты 15,3 жана 20,1 гектарды түзгөн көп жылдык жарактуу бак-дарактары бар жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары (б.а. «кызыл китеп») мыйзамсыз алынгандыгы аныкталды.
Аталган жер тилкелери Ысык-Көл райондук администрациясынын 2000-жылдын 3-майындагы токтомунун негизинде мыйзам бузуу менен берилгени аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылып, тиешелүү баланска коюлду.