Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 367

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

{{ item.title }}

 2025-жылдын 15-августунда КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү, №9 дарегинде жайгашкан «Восток» конок үйүндө мыйзамсыз иш-аракеттердин жүрүп жаткандыгы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул жерде мейманкананын атына жамынып алып, акыркы беш жылдан бери интимдик кызматтар көрсөтүлүп келген. Мыйзамда уруксат берилген кызмат көрсөтүү тармагын жамынып алганына байланыштуу, аталган даректеги кылмыштуу ишмердүүлүк укук коргоо органдарынын көңүл чордонунан алыс болгон.
          Текшерүүнүн жүрүшүндө, өтө начар шарттагы антисанитардык абал, негизги санитардык нормалардын жана гигиеналык тазалыктын сакталбагандыгы аныкталган. Мындан тышкары кээ бир коноктордун жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн психотроптук заттарды колдонгондугу боюнча маалыматтар алынган. Учурда бул фактылар тыкыр текшерилүүдө.
          Иш-чаранын жыйынтыгында интимдик кызмат көрсөткөн төмөнкү адамдар: «А.к.А.» 1998-ж.т., «Т.к.А.» 2005-ж.т., «А.к.Г.» 2003-ж.т., «Ч.В.И.» 1999-ж.т., «Г.А.Д.» 1997-ж.т., «А.З.О.» 1995-ж.т. кармалып, административдик жазага тартуу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге өткөрүлүп берилди. 
          Мындан тышкары, мекеменин администраторлору: «Я.А.И.» 1981-ж.т. жана «К.Э.Р.» 1978-ж.т. аныкталып, аларга карата тергөө амалдары жүрүп жатат.
          2025-жылдын 16-август күнү, аталган мыйзамсыз ишмердүүлүктүн уюштуруучусу, интимдик кызмат көрсөтүү үчүн системалуу түрдө шарттарды түзүп, бул иш-аракетинен киреше алып келген КР жараны Жумабеков Канатбек Эмишович (20.03.1978-ж.т.) кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
          Ошондой эле, «Восток» конок үйүнүн ээси 1976-ж.т. «О.З.К.» аттуу жарандын жоопкерчилиги каралууда. 

          Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин билдирүүсү!!!!!!!!!!!

          Мыйзамсыз терс көрүнүштөр өлкө коомчулугунун адеп-ахлактык негиздерине доо кетирип, жаштардын туура эмес нукта өсүүсүнө өбөлгө түзүп, жарандардын ден соолугуна коркунучтарды пайда кылат. Ошондой эле аялдардын, анын ичинде жашы жете электердин мыйзамсыз иштерге тартылуусу – коомубуз үчүн олуттуу коркунучтарды жаратат. 
          КР УКМК жарандарды абийирдүү болууга жана мыйзамсыз ишмердүүлүктүн фактылары аныкталган учурда кечиктирүүсүз билдирүүгө чакырат. Биргелешкен аракеттер менен гана биз элибиздин ден соолугуна жана коопсуздугуна шек келтирген мыйзамсыз терс көрүнүштөрдү жок кылганга жетишебиз.