Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Мамлекеттик (муниципалдык) баланстан мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылган жана мыйзам бузуулар менен менчиктештирилген объектилерди аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, Түп районунун Түп айылындагы «Дыйкан» ААКсынын (эски аталышы «Кыргызсельхозхимия» Түп райондук өндүрүштүк бирикмеси) 3,30 га аянттуу жер тилкесин жана мүлктүк комплексин рейдерлик жол менен ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «З.Б.В.» аттуу КР жараны кармалды.
Тактап айтканда, «З.Б.В.» жасалма иш-кагаздарды колдонуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалап, жалган маалыматтарды колдонуу менен аталган иш-кананын жамааттык жыйындарынын протоколдорун түзүп, бул аракеттери менен колдонуудагы өлкө мыйзамдарын бузуп, өзүн иш-кананын төрагасы катарында көрсөткөн жана «Дыйкан» ААКнын мүлктөрүн мыйзамсыз тескеп жүргөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган «З.Б.В.» соттун санкциясына ылайык Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.
Учурда, кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.