Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда тергөө иштери уланууда.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 18-августта маалымдагандай, №27 түзөтүү мекемесинин начальнигинин финансы-чарба иштери боюнча орун басары, ички кызматтын капитаны Т.у.Т. 15-августта саат 17:20 чамасында абак кампасынан «Спринтер» үлгүсүндөгү унаасы менен 300 литр күн карама майын, «КИА» үлгүсүндөгү унаасы менен 40 литр күн карама майын жана 40 кг картөшкө алып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.
Кылмыш ишинин материалдары атайын прокуратурага өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: koom.press