Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 298

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш: Өкмөт жаңы мыйзам долбоорун сунуштады

КР УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө каршы күрөшүүгө жана уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, Чүй облусунун аймагында жайгашкан уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, 2025-жылдын 8-августунда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте облустун аймагында коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана мыйзамдуулукту камсыздоого багытталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча «Бандит» аталыштагы пландуу иш-чаралар өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, жогорудагы иш-чаралар 2025-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы тарабынан өткөн жыйында жарыяланган тапшырмалардын алкагында ишке ашырылды.
«Бандит» аталышында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин адистештирилген реестринде уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар 255 адам турганы аныкталган.
Мындан тышкары 28 адамга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, алардан биометрикалык маалыматтары алынган. 
Ошондой эле, учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар 24 адам Кыргызстанда жазасын өтөп жатканы, 18 адам коңшу өлкөлөрдө жүргөнү, катталган жери боюнча жашабаган жана мурда белгилүү болгон даректерде турбаган 179 адамга издөө-профилактикалык иш-чаралары жүрүп жатканы аныкталды.