Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 514

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 Каракол шаардык сотунун мурдагы кызматкери пара менен кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Сот тутумундагы системалуу коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө КР УКМК тарабынан, Каракол шаардык сотунун соттук отурумдарынын мурдагы катчысы «О.К.К» 70 миң сом өлчөмүндө пара алганы үчүн кармалды.
          Тактап айтканда, «О.К.К.» сот отурумдарынын катчысы болуп иштеп жүргөн кезде, Каракол шаардык сотунун судьясы «А.А.П.» нын атын жамынып, жарандык иш боюнча оң чечим чыгарууга көмөктөшөм деген шылтоо менен жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.
          Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, кармалган жаран Каракол шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
          Учурда тергөө тарабынан бул кылмышка Каракол шаардык сотунун судьясы «А.А.П.» нын катыштуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.