Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Коррупцияга каршы
күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу иштер менен катар, УКМК инвесторлордун жана ак ниет ишкерлердин укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурууда.
Бул жаатта Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагындагы көмүр кендеринин бирин иштетүүгө лицензиясы бар компаниянын акцияларын мыйзамсыз тартып алуу фактысы көңүл бурууга арзыйт.
Аталган факт боюнча арызды текшерүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, тиешелүү кылмыш ишин козгоого негиз болду.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган маалыматка ылайык, Өлкө Парламентинин мурдагы депутаттары «Ж.уулу А. жана «М.М.» аттуу жарандар ар кайсы мезгилде коркутуп-үркүтүү жана башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен, акча төлөбөстөн, аталган көмүр кенин иштетип жаткан жогорку ликвиддүү компаниянын акцияларынын контролдук пакетин алардын менчигине өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.
2025-жылдын 31-июлунда «Ж. уулу А.» жана «М.М.» кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылат, ал эми сот тарабынан тергөөнүн бүткүл мезгилине карата бөгөт коюу чарасы тандалды.
Аталган кылмыштын бардык жагдайларын, ошондой эле бул иштерге түздөн-түз тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
КР УКМК бул багыттагы ишин мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүп, иликтөөнүн жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.