Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 421

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

    УКМК тарабынан мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында КР жана Өзбекстан Республикасынын жарандары, ошондой эле аталган кылмыш ишине колдоо көрсөткөн КР ИИМнин айрым кызматкерлери кармалды. 
       Тактап айтканда, КРнын Т.И.А. жана Т.А.И. аттуу жарандары Кыргыз Республикасынын  ИИБнын О.А.М. аттуу кызматкеринин колдоосу  астында Кыргыз Республикасынын аймагына эч кандай уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн коңшу мамлекеттердин биринин жарандарын алып келишкен, ошону менен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз миграциянын туруктуу каналын уюштурушкан.
       2025-жылдын 30-июлунда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгү менен алектенип жүргөн 3 уюштуруучу жана    чет элдик жарандардын ичинен 19 жалданма кызматкер кармалган.
       КР УКМК чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясынын ушул сыяктуу каналдарына бөгөт коюу боюнча активдүү иштерин улантууда.