Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 408

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 УКМКга КР жараны А.А.А. криминалдык элементтер тарабынан катуу сабалгандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, арыздануучунун денесинен оор жаракат аныкталып, өмүрүнө коркунуч келтирилген. 
       Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка катыштыгы бар 1994-ж.т. (мурда үч жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган) А.Ж.Т. жана 2005-ж.т А.К.А. аныкталып, кармалды. 
       Маалымдалгандай, кармалгандар буга чейин "Коен" каймана аттуу Н.М.нын  кылмыштуу тобу менен байланышта болушкан.
        КР УКМК кылмыштуулукка бөгөт коюу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жигердүү иштерди улантууда. Андыктан кылмыштуу идеологияны колдонгон адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары жөнүндө маалыматы барлар болсо  билдирүүнү өтүнөт.