Бишкек, "САЯСАТ.KG". Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.
Ички иштер министрлиги Ош шаарында экспертиза учурунда качып кеткен шектүү кармалганын билдирди.
“Буга чейин зордуктоого шектелген жаран соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан имараттан качып кеткени маалымдалган. Аталган факт боюнча дароо издөө иш-чаралары уюштурулуп, шектүү кармалды. Учурда ал кайрадан камакка алынды”, — деп айтылат маалыматта.
Министрлик шектүүнү коштоп жүргөн жооптуу кызматкерлерге карата кызматтык текшерүү башталганын кошумчалады. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.
Булак: Спутник