Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө КР УКМК опузалап акча талап кылгандыгы үчүн К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү «Турик» каймана аттуу Б.А.Т.ны кармады. Ал буга чейин Каракол шаарындагы №23 мекеменин "смотрящийи" болгон (2016-2018-жж.) жана өзүнүн криминалдык абалынан пайдалануу аркылуу коркутуп, 2024-жылдын августунан ушул күнгө чейин Ж.А.О. аттуу жарандан 200 миң сомдон ашык акча талап кылган.Тергөөнүн жүрүшүндө Б.А.Т. пара менен кармалбоо үчүн опузалап алынган каражаттарды мобилдик банктык тиркемеге ("О! Банк") которууну талап кылгандыгы аныкталды.
2025-жылдын 25-июлунда опузалап алынган 26 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алгандан кийин Б.А.Т. кармалды.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде кармалган жаран Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
КР УКМК белгилейт, эгерде жогоруда аталган жарандын жана башка кылмыштуу топтордун аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, анда КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына же 03922 5-11-80 ишеним телефонуна кайрылууну сунуштайбыз, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.