Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 473

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

{{ item.title }}

КР УКМК Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы К.Ж.С. тарабынан   катчысына карата сексуалдык асылуу фактысын аныктады.
          Тактап айтканда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун катчысы тарабынан, сот бийлигинин өзүнчө бир бутагынын өкүлү болуп туруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, сот адилеттигин чынчыл, абийирдүү, калыс ишке ашырууга, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын судьясынын Ар-Намыс» кодексинин эрежелерин так сактоого ант берип алып – жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыш жасоо жолуна түшкөн Кыргыз Республикасынын судьясы К.Ж.С.га карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз түшкөн.
          Аталган К.Ж.С., өзүнүн иш-аракетинин мыйзамсыздыгын билип туруп, моралдык-этикалык нормаларды бузуп, кызматтык иерархияда түздөн-түз баш ийүүсүнөн улам жабырлануучунун көз карандылыгынан пайдаланып, 2025-жылдын май айынан тартып «WhatsApp» мессенджери аркылуу интимдик мүнөздөгү  билдирүүлөрдү жөнөтүп, ар кандай терс сунуштар менен аны сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлай баштаган.
          2025-жылдын 25-июлунда КР Башкы прокурору аталган судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча КР Судьялар кеңешине сунуштама жөнөткөн.
          Териштирүүнүн жыйынтыгында, 2025-жылдын 25-июлунда К.Ж.С. аттуу жаранга КР КЖКнын 156-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча расмий айып тагылып, ага эч жакка кетпөө тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
          КР УКМК айыпталуучунун аракети сот бийлигинин өкүлдөрүнө таңууланган кесиптик этикага жана моралдык нормаларга туура келбей турганын белгилейт.