Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Коррупцияны жоюу жана окуу мекемелериндеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, КР УКМК С.М.Киров атындагы №4 мектеп-гимназиянын уюштуруу иштери боюнча башчысы М.Ж.К. тарабынан, У.О. аттуу жарандын уулун биринчи класска киргизгендиги үчүн 10000 сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алуу фактысын аныктады.
2025-жылдын 24-июлунда аталган акча каражатын алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында М.Ж.К. кармалып, КР УКМКнын Тергөө башкармалыгына жеткирилди.
Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.