Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
КР УКМК тарабынан, УКМК Төрагасынын жакын туугандарынын аты-жөнүн жамынган алдамчылык фактысы боюнча КР жараны «Т.А.Б.» кармалды.
2025-жылдын 25-июль күнү «А.З.Ж.» аттуу жаран «Фейсбук» социалдык тармагына фамилиясынын окшоштугунан пайдаланып, өзүн УКМК Төрагасынын улуу баласымын деп тааныштырып, системалуу түрдө алдамчылык аракеттерди жасап жаткан «Т.А.Б.» аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен видео кайрылуу жарыялаган.
2025-жылдын 26-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында «Т.А.Б.» кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларды, ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК, Төраганын жакындарынын атын жамынып, өлкө мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин, андай фактылар катталган учурда, мыйзам бузуучулар тиешелүү катаал жоопко тартылып, аларга карата кылмыш иши козголоорун эскертет. Бул сыяктуу фактылардан жапа чеккен жарандарды 0312 62-05-85 телефон номуруна кайрылууга чакырабыз.