Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 386

 Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаары, Мессарош көчөсү №100/1 дарегинде жайгашкан КР Транспорт министрлигине караштуу №7 мурдагы Бишкек жүк ташуучу ишканасынын жер тилкесин менчиктештирүү учурундагы мыйзам бузуулар аныкталды.
       1995-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигине караштуу №7 Бишкек жүк ташуучу ишканасына өндүрүштүк автобаза үчүн 8,34 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилгени аныкталган.
       Бирок 2004-жылы ишкана акционерлештирилип, “№7 Эл аралык жүк ташуучу автотранспорт ишканасы” ААК болуп өзгөртүлгөн. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө "Мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ишкерликтин жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамдын 14-беренесинин 2-пунктунун талаптары эске алынбай, жер тилкесинин наркы төмөндөтүлгөн.
       Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “№7 Эл аралык жүк ташуучу автотранспорт ишканасы " ААКнын жооптуу адамдары менчиктештирүүдө нарктын төмөндөөсүн түшүнүп, ордун толтуруу катары ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына 1,5 Га өлчөмүндөгү жер участогун өткөрүп беришти.
       Учурда баалоо экспертизасы дайындалды.